Британиянын белгилүү ырчысы Синитта Мэлоун 1980-жылы Брэд Питт менен сүйүү мамилесинде болгон. Жергиликтүү телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда ырчы Питт менен мамилесин кайра баштоого даяр экенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, ырчы "Loose Women" телешоусунун түз эфиринде: "Мен азыркы тапта жалгызмын, башка жигит издеп жатам, Брэд, мага чал, мен сени абдан сагындым", - деген.
Мындан сырткары ырчы келишимдүү гана эмес өзүнө ишенген, күчтүү, туруктуу мырза издеп жатканын жана Брэд бул талаптарга жооп бере тургандыгын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Синитта менен Брэд мындан 36 жыл мурун кыз-жигиттик мамиледе болушкан. Алардын махабаты бир жылдай убакытка созулган. Экөөнүн мамилесине чекит коюуну Синитта өзү демилгелеген. Мындай чечимин ал актёр Дэвид Эссексти сүйүп калгандыгы менен түшүндүргөн.