Бүгүн, 2-сентябрда "Шаардык келин Шарапат", "Гаишниктер", "Сүйө бил" тасмаларында роль жараткан актриса, ырчы Алиман Дүйшөналиева борбордогу тойканалардын биринен турмуш жолуна аттанды.
Жубайлардын үлпөт тоюна кесиптештери, санаалаш достору жана жакын туугандары келишти.
Тамадалык милдетти акын Жылдызбек Турсунбаев аркалаган тойду бийчи, ырчылар шаңга бөлөп турушту.
Кечеде актрисанын кайненеси, акын Өмүрбүбү Бегалиева эки жашка арнап чыгарган ырын көркөм окуп берди. Үй-бүлөсүнө баш кошулуп кубанып жаткан Өмүрбүбү Бегалиева: "Алиман биринчи келинибиз болгондуктан аябай толкунданып, сүйүнүп жатабыз. Биз бүгүн келиндүү эмес, кыздуу болдук", - деп сезимдери менен бөлүшө кетти.
Ал эми Алимандын ата-энеси кызы үчүн аябай кубанып жатышкандыгын, ошол эле учурда ичи ачышып жаткандыгын билдиришти.
Жаш жубайларга аруу тилектерин айтып, батасын берүү үчүн актриса Назира Бердигулова, акын, котормочу Карбалас Бакиров жана башкалар келишти.
Тойдун күнөөкөрлөрүн сөзгө тартканыбызда актрисанын жолдошу Бакыт төмөндөгүлөрдү айтты: "Биз, экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө көп жыл болгон, бул жылдар арасында мен Алиманга баш кошуу тууралуу 4 жолу сунуш киргизгем. Бирок 4 жолу тең терс жооп алгам. Кудай буюруп, бешинчи жолкусунда болсо да, минтип сүйүктүүмдүн макул деген жообун алып бактылуу болуп турган чагым".
Тойдо ар кандай кызыктуу оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.