Белгилүү индиялык ырчынын клиби Кыргыз өлкөсүндө тартылып, "Индия сулуусу-2015" баш каармандын ролун аткарды

Индиялык ырчы жана композитор Анкит Тивари "Tum Hardafa Ho" аттуу ырынын клибин Кыргыз өлкөсүндө тартты. Клип Бишкек шаарында, "Ала-Арча" жаратылыш комплексинде жана Ысык-Көлдө бир ай мурда тартылып, баш каармандардын образын ырчы өзү жана "Индия сулуусу-2015" наамынын ээси Адити Арья жараткан.

Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, клип өлкөнү жарнамалоонун, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тартылган. Учурда Туризм департаменти чет өлкөлүк режиссёрлор менен Кыргыз мамлекетинде кино тартуу боюнча макулдашып жатат.

"Кыргыз жеринин чет элдиктердин клиптерине, кинолоруна тартылышы өлкө үчүн чоң реклама болуп берет. Мисалы, "Шакектер шаасы" ("Властелин колец") тасмасынан кийин Жаңы Зеландия аябай чоң туристтик өлкөгө айланган. Биздеги кооз жерлерди дүйнөнүн саналуу гана жерлеринен кездештирүүгө болот, мекенибиз кино жана башка видео эмгектер үчүн эң ылайыктуу жер. Жакында Жеки Чанды, Стивен Сигалды тартып жүргөн режиссёрлор келишти, буюрса, алар менен иштешели деп жатабыз", - деди ал.

Индиялык ырчынын клиби Кыргыз өлкөсүндө тартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
zhykyo
2017-09-03 14:14:50
Билинбей калыптыр Кыргыз олкосу экени озулорунукуно окшош кылып коюшуптур
-7
AKCAHAT
2017-09-03 14:19:22
Кыз сулуу болсо маршрутка мн тапчанда деле клип жараша берет экен корсо.
+8
Ma9
2017-09-03 15:19:47
туризимди онуктуруш учун тазалыкты караш керекпи ажатканаларга кирсен конун айланат дагы 10 сом толойсун
+17
TazaKyrgyz
2017-09-03 15:50:36
Туугандар суйунгон эч ким жокко учунча да кайдыгербизби.Алга Кыргызстан!!!Дагы чет олколорго жалан жакшы жактары корсотуло берсин.
+11
Azat.97
2017-09-03 16:09:45
3-сурот кайсы жер?
+1
TIMON_BERKOWITZ
2017-09-03 17:49:29
Azat.97, супер жооп берип койгула. Кайсыл жер?
-1
Batma08
2017-09-03 16:20:38
Жакшы
+2
Nargiza1987k
2017-09-03 16:39:46
Жакшы жерлерибиз тартылыптыр бул да болсо алдыга жылгандык
+5
Cherik.777
2017-09-03 17:08:31
Тузук элее
0
bond02
2017-09-03 17:47:42
Кызды алып кала турган кыз экен.
+6
Jumahmatov
2017-09-03 18:11:06
Бизге жанылык болбогонунун себеби бизде Бишкекте индустар кайнайт ошого
+4
Han1
2017-09-03 18:58:42
Jumahmatov,))))))))олло туура айтып койлунуз да уушуну
-1
Aidani
2017-09-03 19:51:27
Jumahmatov,кала берсе кеебир куйоо балдар да индус
0
Jumahmatov
2017-09-03 21:47:31
Aidani,оада лично мен достор менен Ахунбаев душбинкада индус менен кыргыз кызы кучакташып алган жеринен кармап алгам
0
Aselya_9105
2017-09-04 00:15:40
Jumahmatov, кармап калып не кылдыңыз эле. Прям кылмышкерди кармап калгандай айттыңыз го. Кээ бир биздин кыргыз жигиттери кыздарыбыздын баркына жетпей, анан башка улуттан силерде жок сыйды табышат да. Негизи сүйүүдө улут да, жаш да маани ойнобоорун билгилечи ээ. Анан мени талап жеп салбагыла, ар бир жаран өз оюн айтканга толук укугу бар.

А клип боюнча айта кетсем абдан кубанычтамын. Биздин жерлер чет өлкөдө да көргөзүлүп жатканына.
+6
Targarien
2017-09-04 07:42:09
Aselya_9105, Башка улуттан жылуулук таппай эле .... тапканынар учун журосунор да
-2
tttalant
2017-11-09 21:06:20
Кыз зын зынкго.а болсо кыргыз кыз дан данго
0
Esennura
2017-11-10 17:48:48
админ асма копуро каяктан тартылган?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан