Көп өлкөгө атагы чыккан, белгилүү пан-флейтчи Лео Рохас Бишкекке келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Лео Рохас Дүйнө элдеринин IV эл аралык эпос фестивалынын алкагында өткөн концертке катышат.
Концертке Монголия, Алтай, Башкортостан, Казакстан, Якутия жана башка мамлекеттерден келген эпос жана дастан айтуучулар катышат. Концерт Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 4-сентябрда өтөт.
Лео Рохас улуттук аспаптар менен музыкалык композицияларды аткарып, көпчүлүккө таанылган.
Музыкант 1984-жылы Эквадордо төрөлүп, 2000-жылы Испанияга кийин Германияга көчүп кеткен. Учурда Берлинде польшалык аялы менен жашайт. 2011-жылы Германиядагы "Das Supertalent" шоу программасынын жеңүүчүсү болгондон кийин атактуулугу арткан. Ага чейин ал көчөдө музыка аткарып акча тапкан.