"Аалам сулуусу-2017" сынагында Аида Чоткараева "Сүрөткө мыкты түшкөн келин" наамына ээ болду

Түштүк Африканын Дурбан шаарында 28-августта башталган "Аалам сулуусу-2017" эл аралык сынагында Кыргыз өлкөсүнөн барган модель жана актриса Аида Чоткараева сүрөткө мыкты түшкөн келин деп табылды. Сынакка ар кайсы өлкөлөрдөн 85 катышуучу келип, Аида Чоткараева 25 сулуунун катарына киргендигин билдирди.

Ага "Сүрөткө мыкты түшкөн сулуу" титулу 1-сентябрда атайын сыйлыктарды тапшыруу учурунда ыйгарылган.

Буга чейин модель Кыргыз жери башка мамлекеттерге бир гана табияты менен эмес, сулуу жана акылдуу кыздары менен да даңкталуусу керек деген каалоосу бар экенин билдирген.

"Сынактын темасы "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү" деп аталат. Мен ушул маселени чечүүгө аз да болсо салым кошкум келет. Алдымда чоң жоопкерчилик турганын сезип, абдан толкунданып жатам. Негизги максатым - Кыргыз өлкөсүн татыктуу көрсөтүү", - деген сынакка катышуу чечимин кабыл алгандан кийинки билдирүүсүндө ал.

Белгилүү болгондой, сынакка 24 жаштан 50 жашка чейинки үй-бүлөлүү айымдар катыша алат.

Аида Чоткараева учурда үй-бүлөлүү, 1 уулдун апасы. Ал "Сулуулар жана миллион", "Ашыктык асманы", "Браво" тасмаларында роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aizattt
2017-09-03 16:47:46
Молодец. Ийгилик!!!
+6
Kg-kg-kg17
2017-09-03 17:54:53
Азаматсын.Катышып Кыргыз олкосун татыктуу корсоткун.Анан баягы атын очкур армиянкага окшобойсун деп ишенебиз!!!
+7
Aidani
2017-09-03 19:46:02
Сулуулар менен эмгек синигендер кобойуп кеттиби дейм да ушул
-5
Aman_Mansurov
2017-09-03 20:49:11
Aidani,Колдогондун ордуна, Сындап жамандагандар кобойуп кетти окшойт
+4
Aidani
2017-09-04 06:27:09
Aman_Mansurov,сен колдой бер жарым жыланачтарды
-1
Nevestkaa
2017-09-04 14:27:35
Асел Чоткараеванын(министрдин кызынын махабатындагы Мадина)сиңдиси эмеспи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан