Күрөш боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн 5 Кыргыз балбан медалдар үчүн күч сынашат

Бүгүн, 4-сентябрда Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөш боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандар килемге чыгышат.

Мелдештин алгачкы күнү 4 салмак ченинде медалдар ойнотулат, анда Кыргыз өлкөсүнөн 5 балбан катышат. Алар Эрмек Каныбек уулу, Баэль Сатыев, Акылбек Куттубек уулу, Алмазбек Бегалиев жана Мустафа Гасанов.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

50 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрмек Каныбек уулу - Мануэль Стоица (Румыния);

54 килограммга чейинки салмак ченинде: Баэль Сатыев - Герман Доев (Орусия);

63 килограммга чейинки салмак ченинде: Алмазбек Бегалиев - Дилшот Омонгелдиев (Өзбекстан)

58 килограммга чейинки салмак ченинде: Акылбек Куттубек уулу - Раджмунд Фаркас (Венгрия);

100 килограммга чейинки салмак ченинде: Мустафа Гасанов - Эрикас Герепокас (Литва).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altun76
2017-09-04 09:02:17
Ийгилик биздин балбандарга аллахым колдосун.
+1
Farhad.baku
2017-09-04 09:33:10
Кудай жардам берип женишке жеткиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан