"Медиа-Порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Бука аялды ыргыта сүздү" деген видео жүктөлдү. Видеодо шаар аралап качып келаткан бука аялды сүзгөндө ыргып кеткенин көрүүгө болот. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары да жазат.
Видео өткөн жуманын аягында социалдык тармактарга жүктөлгөн. Айланадагы дүкөндөрдүн жазууларына караганда окуя Түркияда болгон. Айрым маалыматтарда окуя Стамбул шаарында болгон деп да жазылган. Азырынча жабырлануучу аял тууралуу эч кандай маалыматтар жок.
Видеону көрүү үчүн шилтеме менен "Медиа-Порталга" өтүңүз.