Көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз кыздар курама командасы жарым финалга өттү

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы жарым финалга өттү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-сентябрда аталган мелдештин 2-тайпалык баскычы жыйынтыкталган. Анда Кыргыз курама командасы "В" тайпасында 3-орунга ээ болуп жарым финалга жолдомо алды.

Эми жарым финалда Кыргыз футболчулар Франция курамасы менен күч сынашат. Эске салсак, буга чейин эки команда мелдештин алгачкы турунда беттешкен. Анда Кыргыз футболчулары 7:4 эсебинде жеңишке жеткен.

Беттеш бүгүн, 4-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuba-savai87
2017-09-04 12:09:51
Туз эфир болобу
+2
Boroborodach
2017-09-04 12:21:42
Аллах силерди колдосун
+2
Tansuluu09
2017-09-04 12:25:16
Кыздарыбыз кыйын чыкты, азаматсынар, коз тийбесин)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан