Бүгүн, 4-сентябрда Ош-Аэропорт унаа жолунда газ ташуучу чоң унаа кырсыкка кабылып, жолдун жээгине кулап калганы тууралуу "Элдик кабарга" окурман маалымат жиберген. Бул окуяны Ош ОИИББинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге тастыктап, буларды билдиришти:
"Окуя Ош облусунун аймагында болгон. Ош-Аэропорт жолунда чыгыштан батышты көздөй келе жаткан чоң унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгиндеги столбаны сүзүп, оодарылып калган. Кырсык катталган жер айланма жол болгондуктан чукул бурулуш болуп, чоң унаанын кайрылышына кыйынчылык туудурган. Учурда жыгылган унаанын айланасында "Тез жардам" кызматы, өрт өчүрүү кызматы сыяктуу тийиштүү мекеме кызматкерлери иш алып барып жатат. Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Айдоочу медициналык жардамга муктаж эмес экен. Унаа оодарылгандын натыйжасында бир аз материалдык чыгым келип чыккан", - деп билдирди Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын тергөөчүсү Жанна Сатарбаева.