Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Кыргыз өлкөсүнөн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Милиция кызматкерлерине Кытай Эл Республикасынын жараны өлкө аймагында жашырынып жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында 1967-жылы Кытайда туулган Чен Ксиянфу аттуу жаран кармалды. Ал өз өлкөсүндө жүргөн маалында кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөнү маалым болгон. Анын Кыргыз өлкөсүнө 4 жыл мурда келип, жумуш визасын алып ишкерлик менен алектенип жатканы аныкталды. 30-августта Кытайдын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Бишкек-Үрүмчү багыты аркылуу учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.