Бүгүн, 4-сентябрда Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугунда Акылбек Куттубек уулу жарым чейрек финалга өттү.
Аталган мелдеште Кыргыз балбаны Акылбек Куттубек уулу 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште венгриялык Раджмунд Фаркаска туш келген. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз балбан 6 упайга ээ болсо, венгриялык балбан өз эсебине 1 упай гана жазганга үлгүрдү. Бул жыйынтык менен Акылбек Куттубек уулу жарым чейрек финалда грузиялык Георги Шотадзе менен күрөшөт.
Ал эми Эрмек Каныбек уулу, Алмазбек Бегалиев жана Мустафа Гасанов алгачкы беттештеринде жеңилип калышты.
Кошумчалай кетсек, учурда 54 килограммга чейинки салмак ченинде Баэль Сатыевдин килемге чыгуусу күтүлүүдө.