ЖЫЛНААМА, 4-СЕНТЯБРЬ: Дүйнөдөгү эң бай жылдыздардын катарына кирген Бейонсе 36 жашка толду

Дүйнөгө белгилүү ырчы, актриса жана бийчи Бейонсе бүгүн, 4-сентябрда 36 жашка толду. Ал 1981-жылы АКШнын Хьюстон шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Бейонсе Жизель Картер Ноулз.

 “Destiny’s Child” тобу

Бейонсе 8 жашынан тарта чыгармачылыкка кызыккандыктан ыр-бий боюнча түрдүү кароо-сынактарга катышып жүргөн. 1990-жылдын соңунда “Destiny’s Child” тобунун солисти катары таанылып, 2003-жылы өзүнүн алгачкы жеке альбомун чыгарган. Бул эмгеги үчүн “Грэмми” сыйлыгына 5 ирет ээ болуп, 2006-жылы топтун тараганына байланыштуу жеке ырчы катары чыга баштаган. Айта кетсек, Бейонсе ушул кезге чейин жогоруда аталган сыйлыкка 45 жолу көрсөтүлүп, 20сына ээ болгон.

Анын чыгармачыл инсан болуусуна апасынын салымы чоң. Ал ар дайым кызынын талантын колдоп, аны белгилүү кылуу үчүн болгон аракетин жумшап турган. Ошондой эле Бейонсе “Destiny’s Child” тобунда ырдап жүргөн кезде, андагы кыздарга сахна кийимдерин тигип жүргөндүгү айтылат.

Апасы менен

Актриса катары өзүн сынап, биринчи жолу коркунучтуу фильмге тартылган. 2002-жылы “The Goldmember” аттуу кинодо башкы ролду аткарып, жараткан ролу сынчылар тарабынан жогору бааланган.

“The Goldmember”

Бейонсе “Beautiful Liar” ырын колумбиялык ырчы Шакира менен биргеликте аткарган. Ырга клип тартуу учурунда кичинекей кезинен тарта бийлеп жүргөн Бейонсе Шакирадан да бий боюнча сабак алганын айтып берген.

“Алгач “мына сага, мен Шакирадан бий үйрөнөмбү?” деп кызыктай абалда болгом. Бирок ал мыкты – окутуучу. Биздин убактыбыз тар болгондуктан мен ал кылган кыймылдарды эле кайталап тургам. Бул нерсе сырттан көз салып тургандарга абдан күлкүлүү көрүнсө керек”, - деген ал.

Ырчы 2008-жылдын 4-апрелинде учурдагы жолдошу, рэп аткаруучу Jay-Z`ге турмушка чыгып, түгөйлөр 2012-жылы январда Блу Айви аттуу кыздуу, 2017-жылдын июнь айында Сэр Картер жана Руми Картер деген эгиз наристелүү болушкан.

Жолдошу жана кызы менен

Жылдыздар дүйнөдөгү эң бай түгөйлөрдүн катарына кирет. Бейонсе бир канча белгилүү бренддик фирмалардын жарнамаларына тартылып, алардын ар биринен орто эсеп менен 4,7 миллион доллар киреше табат. 2010-жылы жолдошу менен биргеликте 122 миллион доллар киреше тапкандыгы үчүн “Эң көп каражат тапкан жылдыздуу түгөйлөр” деп табылып, "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. Ал эми “Forbes” журналынын 2017-жылдын май айындагы жыйынтыгы боюнча Jay-Z экөөнүн 1 жылдык кирешеси 1,16 миллиард долларды түзгөн.

Быйыл төрөлгөн эгиз ымыркайлар

Бейонсе бош убактысында сүрөт тартууну жактырат. Анын айтымында, бул нерсе ага чарчаган абалдан чыгууга жардам берет. Бирок тарткан сүрөттөрүн коомчулукка жарыялоону каалабагандыктан, анын эмгектерине жолдошу менен достору гана баа берип келишерин айткан.

Ал эми бүгүн, 4-сентябрга караган түнү ырчынын жолдошу Jay-Z “Made In America Festival” музыкалык фестивалында ырдап бүткөн соң жубайын туулган күнү менен куттуктоону чечкен.

“Азыр баарыбыз бирге Бейонсени туулган күнү менен куттуктайбыз” деп сөз баштаган рэпер көпчүлүккө белгилүү болгон “Туулган күнүң менен” деген ырды аткарган. Бул учурду видеого тартып алган колдонуучулар дароо интернет тармагына жүктөшкөндүктөн, жылдыздуу түгөйлөргө суктангандар ырчыны социалдык тармактар аркылуу куттукташууда.

4-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurhan2702
2017-09-05 10:49:47
Биринчи жолу угушум атактуулардын бир никеси мн узакка жашаганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан