Чүй облусунун Москва районунда автоунааны уурдоого шектелген тургун кармалды

Чүй облусунун Москва районунда "автоунааны уурдады" деп шектелген тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 16-июлунда Москва районунун Сретенка айылынын жашоочусу милицияга кайрылып, белгисиз адам Хонда-Цивик үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин кабарлаган.

"Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автоунааны же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн натыйжасында Аламүдүн районунун 29 жаштагы жашоочусу кылмыш ишине шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUBI
2017-09-04 18:54:50
Урдаганга жараша хаммер лексус урдабайсынбы.Арзан машина урдап соз болбой.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан