Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыздын кыздар курама командасы жарым финалда Франция курамасы менен беттешип жеңишке жетти.
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз курама командасы Франция футболчулары менен кез келген. Анда Кыргыз футболчулары 5:0 эсебинде жеңип алды. Беттештин алгачкы таймында Кыргыздын кыздары 4 жоопсуз гол киргизгенге үлгүрдү. 2-таймда Кыргыз курамасы дагы бир гол киргизип, беттештин жыйынтыгында 5:0 эсебинде жеңишке жетти.
Маалымдай кетсек, 2016-жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз кыздар курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.