Дүйнөгө атагы чыккан пан-флейтчи Лео Рохас комуздун коштоосунда белгилүү композициясын аткарды
Кечээ, 4-сентябрда IV эл аралык эпостор фестивалынын алкагында дүйнөлүк музыканттардын катышуусундагы концерт өттү. Концерт "Манас" эпосунан үзүндүнү театрлаштырып айтуу менен башталды. Андан кийин Якутия, Калмыкия, Монголия, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден келген өнөрпоздор улуттук музыкаларын аткарып, эпосторунан үзүндү айтышты.
Концертке кыргыз фольклордук ансамбли, бий топтору да катышты. Кеченин кульминациясы дүйнөгө атагы чыккан пан-флейтчи Лео Рохас аткарган композициялар болду.
Концертке келгендердин көбү Леонун талантына күбө болуу үчүн келгенин жашырган жок. Алып баруучулар музыкантты жар салып чакырганда зал дүркүрөгөн кол чабууларга толду. Бирок Лео сахнага чыккан жок. Алып баруучулар "Лео уялып кетти, даярданып жатат" деп кезекти кайрадан комуз күүсүнө беришти.
Кайрадан Леону чакырышканда залдын кызуу колдоосу менен чыгып дүйнөлүк классикага айланган музыкаларын берилүү менен аткарып берди. Андан соң белгилүү композициясын комуздун коштоосунда аткарды. Комуз менен пан-флейтанын айкалышындагы оригиналдуу музыкадан кийин залдагылар ордунан туруп көпкө чейин кол чабууну токтоткон жок.
Эске салсак, 4-сентябрда борбор калаага 22 боз үй тигилип башталган фестивалга дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн өнөр адамдары келген. Фестиваль 7-сентябрга чейин уланат.
Лео Рохас улуттук аспаптар менен музыкалык композицияларды аткарып, көпчүлүккө таанылган.
Музыкант 1984-жылы Эквадордо төрөлүп, 2000-жылы Испанияга кийин Германияга көчүп кеткен. Учурда Берлинде польшалык аялы менен жашайт. 2011-жылы Германиядагы "Das Supertalent" шоу программасынын жеңүүчүсү болгондон кийин атактуулугу арткан. Ага чейин ал көчөдө музыка аткарып акча тапкан.
Леонун "Жалгыз койчу" аттуу композициясын бүтүндөй дүйнө эли угуп, анын шедевр чыгармага айланышы музыканын атагын арттырды.