Анжелина Жоли: "Алты баламды камсыздоо үчүн кайрадан тасмаларга тартыла баштайм"

Акыркы жылдарда жаңы тасмаларга тартылбай, чоң экрандан алыстап кеткен актриса Анжелина Жоли карьерасын улантып "Малефисента" фильминин уландысына тартылат. Бул тууралуу актриса өзү Теллурид шаарында өткөн кинофестивалга барганда билдирген.

"Учурда сценарийдин үстүнөн иштеп жатабыз, тасманын уландысы абдан таасирдүү болот" деген ал. Ошондой эле 6 баласын өзү багып жаткандыктан карьерасына кайтып келүү зарыл экенин билдирген. "Эми мен үй-бүлөм үчүн өзүм каражат табышым керек, андыктан жумушка кайтууга убакыт келди" деген актриса.

Белгилей кетсек, буга чейин "Disney" студиясы аталган тасманын уландысы жарык көрөрүн билдирип, сценарийди режиссёр Жез Баттеруорт түзүп жатканын айткан. Фильмдин биринчи бөлүмү 2014-жылы жарык көрүп, 758 миллион доллар киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TIMON_BERKOWITZ
2017-09-05 09:25:53
Бред Питти бред дебей акча берет деп чыдаш керек болчу!
-3
Kaninaiman
2017-09-05 09:44:06
Жарашты дединер элегоооо Питт менен??????
+2
Das151193
2017-09-05 10:05:59
бироонун туалетин казсан да, аялын уйдо ханышадай отуруш керек!!!
+8
mir777
2017-09-05 10:24:04
буларда акча тугонбойт
+2
mir777
2017-09-05 10:24:16
акчасы акча тууйт
+1
AKCAHAT
2017-09-05 11:07:00
Ой Джоли айтса кызыктай угулат экен иштешим керек, багышым керек десе))) Уйундо вино мн шампанга чомулот. Багышым керек чонойтушум керек деп мына байкуш кыргыздын аялдары айтса жарашат, тим эле Дордойдун айланасында квартирада жашап самса бышырып, базар аралап сата тургансып. Миллиардерлер очредге турса керек турмушка чыгам десе.
+7
Leilektik
2017-09-05 14:49:45
Адам эч нерсеге тойбойт,миллионер болсондо акча жетпейт дейсинер баарын еле тан калбай еле койгула силер
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан