Көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз футболчулары коло медаль үчүн Кения курамасы менен ойнойт

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы финалга чыгуу үчүн беттеште Чили менен кез келди. Анда Кыргыз футболчулар ири эсепте жеңилүү ызасын тартты.

Алгачкы бөлүктө Чили футболчулары 4 жоопсуз гол киргизишти. Кыргыз спортчулары кандай аракеттерди көрбөсүн Чили дарбазачысы мыкты ойноп, гол киргизүү аракетин көргөн Кыргыз футболчуларына мүмкүнчүлүк берген жок. 2-бөлүктө Чили курамасы кайрадан 4 гол менен айырмаланса, Кыргыз курама командасы гол киргизе алган жок. Жыйынтык 8:0.

Эми коло медалдар үчүн Кения курамасы менен беттешет. Буга чейин Кыргыз футболчулары Кения курамасы менен беттешкен. Анда Кения пенальтилер сериясында Кыргыз өлкөсүн жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
1988kazarmankg
2017-09-05 12:39:52
Алга кыргызымдын сулуу кыздары
0
Riokyrgyz
2017-09-05 13:48:29
Былтыр күмүш медал тагынды эле,быйыл да күмүштү алгыла эми.
0
Riokyrgyz
2017-09-05 13:48:51
Дейин десем. Коло медал экен,жаман эмес,азаматсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан