"Универсал" командасынын оюнчусу Таирбек Исманалиев бойдокчулук менен коштошту

"Тамашоунун" "Универсал" командасынын оюнчусу Таирбек Исманалиев кечээ, 4-сентябрда бойдокчулук менен коштошту. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээтен бери аябай толкунданып жүрөм, анткени бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүм менен баш коштум. Аты Бермет, 23 жашта. Экөөбүз жердешпиз, Баткендин Кадамжай районунан болот. Үйлөнүү тоюбуз да ошол жакта болду. Бизди куттуктап "Тамашоунун" бир топ жигиттери, ырчылар Данияр Эрматов, Ильяс Кудретов, Нияз Абдыразаков жана башка досторум келишти", - деди ал.

Эске салсак, өткөн жылы SUPER.KG порталынын кубогун дал ушул "Универсал" командасы жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdullatif
2017-09-05 19:57:33
Бактылуу болгула, быжырап. Балалуу болгула.
+11
anuvar0903
2017-09-05 20:30:34
Чемпион болгондо үйлөнөм деген эле го
+4
alben
2017-09-05 21:45:47
Молодец өтө таланттуу, сөзгө чечен жигит. Бактылуу болгула, жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм. Кыргыздын бычакка саптуу жигити десек болот.
+5
Aman97kg
2017-09-05 22:10:18
Бактылуу болгула
+1
FCBMESSI
2017-09-05 22:55:08
Бактылуу бол
+1
tulpar90
2017-09-05 23:35:01
Аяш зынк экен.
+3
kani_alibaeva
2017-09-06 00:03:26
Бактылуу болсун жердештерим
+1
iliya
2017-09-06 02:02:31
Тайырбек Иним бактылуу бол.бакылдап суйлоп журуп али гооп ийгиликтерди багындырасын команданын ичинде ордун аябай керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан