Орусиянын белгилүү ырчысы Егор Криддин ТНТ телеканалындагы "Холостяк" берүүсүнүн жаңы сезонуна тартылары айтылууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар ырчынын досу Алексейдин билдиргенине таянып жазып чыгышты.
"Егор жакында эле канал менен келишим түзүп, берүүнүн каарманы болууга макулдук берди. Ал мындай чечимди кабыл алганга чейин көпкө ойлонуп, таразалап көргөн", - деген досу.
Бирок бул тууралуу Крид өзү эч кандай билдирүү тараткан эмес, ал эми шоунун продюсерлери маалымат азырынча тактала электигин айтышкан.
"Тандоо туру бүтө элек. Учурда Егор Кридден сырткары Руслан Белый, Дмитрий Сычев, Мигель жана башкалар да негизги каармандыкка каралууда", - деп билдиришкен.
Белгилей кетсек, орустардын "Холостяк" берүүсүндө сымбаттуу бойдок жигиттин жүрөгүн багындыруу үчүн 26 кыз сынактан өтүшөт. Соңунда алардын ичинен экөө гана калып, жигиттин ата-энеси менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми ата-эне өздөрүнө жаккан 1 кызды тандап, уулу ошол кыздын колун сурап өз түгөйүн тапкан болот.
Маалыматка ылайык, шоунун алгачкы сериясы ноябрда тартылып, көрүүчүлөргө кийинки жылдын жаз айларында тартууланат.