Бишкек шаарында эшиги бекилип калган батирдин ичинен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын Октябрь районунда 4-сентябрь күнү кечки саат 20:20лар чамасында ӨКМнын куткаруучулары Элебаев көчөсүндөгү үйдүн жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1956-жылы туулган К.Т. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.