Күрөш боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугу: Мелдештин экинчи күнү 4 Кыргыз спортчу күч сынашат

Бүгүн, 5-сентябрда Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында Дүйнө чемпиондугунда 4 Кыргыз балбаны килемге чыгышат.

Мелдештин 2-күнү 5 салмак ченинде медалдар ойнотулат, анда Кыргыз өлкөсүнөн 4 балбан катышып медалдарды жеңгенге аракет көрүшөт. Алар Бактияр Акбердиев, Марлен Талантбеков, Акылбек Талантбеков жана Данияр Шеримбеков.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

46 килограммга чейинки салмак ченинде: Бактияр Акбердиев - Нихан Маммадли (Азербайжан);

69 килограммга чейинки салмак ченинде: Марлен Улукбек уулу - Дуран Тосун (Түркия);

76 килограммга чейинки салмак ченинде: Акылбек Талантбеков - Раул Лейтхан (Эстония);

85 килограммга чейинки салмак ченинде: Данияр Шеримбеков - Олег Валентинов (Болгария).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bosmos77777
2017-09-05 12:02:02
Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!!!
-1
Talantsagynbaevkg
2017-09-05 16:17:48
bosmos77777,Аллах колдосун!
0
Nazar76
2017-09-05 12:13:12
Алга Кыргызымдын балбандары силерге Кудайым күч кубат берсин
+2
Lion.
2017-09-05 12:30:31
Акжол катышып атабы?
0
bakulya2015
2017-09-05 14:14:38
Алга Кыргызстан. Кудай куч кубат берсин. Саат канчада сураныч айтып коюнуздарды супер инфо. Рахмат алдын ала.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан