ЖЫЛНААМА, 5-СЕНТЯБРЬ: "Нон-стоп" дуэтинин ырчысы Максат туулган күнүндө досторуна ыраазычылык билдирүүнү пландаганын айтты

Бүгүн, 5-сентябрда "Нон-стоп" дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков 25 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда бүгүнкү күнгө койгон пландары тууралуу айтып берди.

"Быйылкы туулган күнүм өзгөчө башталды. Кечээ чыгармачылыктагы досторум менен эс алып отурганбыз. Саат 00:00 болгондо алардын ар бири жылуу сөздөрүн арнап, туулган күнүм менен куттукташты. Бул датаны эстеп жүрүшкөндөрүнө абдан ыраазы болуп калдым. Социалдык тармактагы жакындарым, досторум жана күйөрмандарым тарабынан келген куттуктоолор жагымдуу маанай тартуулоодо. Негизи туулган күндү белгилебейт деп айтып коюшат эмеспи. Мындан улам бул күнгө өзгөчө план деле койгон эмесмин. Бирок жакындарымдын жакшы каалоо-тилектеринен соң бала кезден бери достошуп жүргөн классташтарым, досторум жана сахналаш кесиптештеримдин башын бириктирип, алардын достугу, сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирүү максатында бүгүн кечинде чайга чакырууну пландап жатам. Ойлоп көрсөм жумуштун артынан жүрүп досторго көп убакыт арнай албай калат экенбиз", - деди ал.

Максат Садырбеков 1992-жылы 5-сентябрда туулган. Мектепти бүткөн соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу 2 эжеси бар. Атасы эркек балалуу болууну көптөн бери максат кылып жүргөн кезде төрөлгөндүктөн атын Максат деп коюшкан.

5-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Babon
2017-09-05 16:16:34
25 25 суйуу багы бышкан кез деп куттуктайм
+2
gulzat91
2017-09-05 18:22:39
ыраазычылыкты биринчи апана айт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан