Подмосковьедеги Ивантеевка шаарынын №1-мектебинде өспүрүм окуучуларга ок чыгарганын РИА Новости полиция кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Укук коргоо кызматкерлери аны кармашкан.
"Куралдан ок чыгарган өспүрүм колго түштү. Окуядан жабыркагандар бар, бирок алардын так саны азырынча белгисиз", - деп билдирет полиция.
Маалыматта белгилүү болгондой, учурда окуучулар жана мугалимдер мектеп имаратынан спорттук аянтка чыгарылышты. "Укук коргоо кызматкерлери окуя боюнча ашыкча маалымат берүүдөн азырынча карманышууда", - деп жазат агенттик.
Ушул эле маалыматты Интерфакс агенттиги "окуучу информатика сабагынан берген мугалимин балка менен башка чапкан. Окуядан улам коркуп кеткен окуучулар терезеден секирип түшүп арасынан 3 окуучу жаракат алышкан" деп жазды. Маалыматта белгилүү болгондой, жаңжал чыгарган окуучуда ок атуучу курал дагы болгон. Ал эми балканын соккусунан жаракат алган мугалим шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
ТАСС маалымат агенттиги өспүрүмдүн 15 жашта, 9-класстын окуучусу экенин тактап, анын полиция бөлүмүнө алып келингенин жазды. Азырынча 3 окуучу жана 1 мугалим ооруканага жеткирилди.