Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантууда. Отурумга катышууга келген Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Өмүрбек Текебаевдин жанына барып сүйлөшүүгө аракет жасады.
Бирок конвойлор алардын жакын туруусуна тоскоолдук кылып жолун тосуп чыгышты. Депутат Иманалиев конвойлордун бул аракетине нааразы болуп: "Мен Жогорку Кеңештин депутатымын, жолумду тоспогула. Чек араны ушинтип корубайсыңарбы?!" - деп айтты.
Андан кийин Иманалиев Текебаев менен 4 метр алыстыкта туруп сүйлөшүүгө аргасыз болду.