Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы Канаданын Монреаль шаарындагы 41-эл аралык кинофестивалда “Мыкты инновациялык тасма” наамын жеңип “Алтын шашке” сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Эрнест Абдыжапаров билдирди.
“Биз бул тасманы көптөгөн фестивалдарга жибергенбиз. Алардын арасынан Монреаль кинофестивалы жактырыптыр. Тилекке каршы, сыйлык тапшыруу аземине өзүбүз бара албай калдык. Тасмага жаңычылдык киргизилгендиги үчүн “Мыкты инновациялык тасма” наамы ыйгарылыптыр”, - деди ал.
Ошондой эле режиссёр учурда тасма тартуу иштери менен Орусиянын Москва шаарында жүргөндүгүн кошумчалады.