Орусиянын Москва шаарында "НТВ телеканалынын журналистин зордуктоого аракет кылган" деп Кыргыз жараны шектелүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 31-август күнү жергиликтүү полицияга аталган телеканалдын 1986-жылы туулган журналисти арыз жазып, Профсоюз көчөсүндөгү гараждардын жанынан азиат түспөлүндөгү белгисиз эркек зордуктоого аракет кылганын билдирген. Анын айтымында, түнкү саат үчтөрдө белгисиз жигит кыздын үстүнөн басып жыгылып, кийимдерин айрып чече баштаган. Журналист токтобостон каршылык көрсөтө бергендиктен жигит качып кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми кечээ, 4-сентябрда аталган көчөдөн укук коргоо органдары тарабынан окуяга шектүү катары 1993-жылы туулган Кыргыз жаранын колго түшүрүшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.