ӨКМ: "Тоң районунда Чүй дарыясынан адамдын жансыз денеси табылды"

Өлкө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүмүнө өткөн суткада 5 жардам сурап чалуу болгон. Алардын биринде куткаруучулар 1 адамдын жансыз денесин суудан алып чыгышкан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

"Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылынын Караташ тилкесинде куткаруучулар Чүй дарыясынан болжол менен 50-55 жаштагы азиат түспөлүндөгү адамдын жансыз денесин алып чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 4-сентябрга карата сутка ичинде 101 өрт өчүрүү кызматына 40 ирет чалуу болгон. Өрт кырсыгынын көпчүлүгү ачык аянттагы куураган чөптөрдүн күйүшү, үй чатырлары жана этиятсыздыктан улам короодогу жыйылган чөптөрдүн күйүшү боюнча чалуулар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан