Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен " фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралды. Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын баласы ооруп келбей калганына байланыштуу соттон отурумду башка күнгө жылдыруу сунушталды. Бирок буга прокурорлор каршы чыгышты. Ал эми сот айыптоочулардын талабын канааттандырып, отурумду саат 14:00гө жылдырып, Салянованын өзүнүн жактоочусу келбей калгандыктан анын таламын мамлекеттик жактоочу коргосун деген чечим чыгарды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.