Көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз футболчулары коло медалга бир кадам жетпей калышты

Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 4-орунду ээледи. Кыргыз футболчулар Кения курамасына туш келип, 4:2 эсеби менен жеңилип калышты.

Оюндун алгачкы бөлүгүндө Кыргыз спортчулары 1 гол киргизип алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Кениянын футболчулары башында эсепти теңеп, андан кийин 3 гол киргизип 3-орунду ээледи. Кыргыз футболчулар экинчи бөлүктө бир гол гана жарата алышты. Жыйынтык 4:2, Кения курамасынын пайдасына.

Маалымдай кетсек, 2016-жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Isco22
2017-09-06 11:16:35
Азаматтар,кыргыз эли колдойт силерди
+2
Dalil
2017-09-06 11:19:42
Toluguraak maalymat bersener admin. Jalan iri upai menen utup bir gana Keniaga utulsa kolo medalga da jetpei kalaby?
+1
kg-patriot
2017-09-06 11:35:34
Dalil,туура айтасын менда ошого тан калдым бирда утулбай келе жатышты элего эми бир командага утулса эле 4-местага тушуп калабы тартып койушканбы дейм оздору жагына
0
admin_superstan
2017-09-06 11:53:12
Dalil, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
ulukbek.kg
2017-09-06 16:04:56
Dalil,Жарым финалда Чилиге 8-0 го женилип калышкан, ошон учун коло учун ойношту.
0
Bayas_tegin
2017-09-06 12:37:05
Групповой тур, полуфинал финал дегендерди билесинерби
+1
Isco22
2017-09-06 14:11:14
Bayas_tegin,групповойдо баарын женип 1/4то да да женип 1/2 финалда (полуфинал) женилип калды деп койчу
0
oscar
2017-09-06 12:37:44
Каап
0
ykybalovich89
2017-09-06 14:10:34
толук маалымат керек админ.кыз башы менен футболдон 4 места жаман эмес болгон жаман эмес, балли дейли. жигиттерибиз футболдон эмес тунгуч оюнубуз болгон "кок борудон" ала албай жатышат го. азаматсынар кыздар.
0
bak1122
2017-09-06 22:24:27
Бул оюнда канча команда болгон озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан