Элмурза Сатыбалдиев кайрадан 4 жылдык мөөнөткө Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынын отчёттук-шайлоо жыйыны өткөрүлгөн. Анда президенттик орунга 1 кандидатура чыгарылган. Жыйынга катышкан 100дөн ашуун өкүл бир добуш менен Элмурза Сатыбалдиевди федерациянын президенттигине шайлашты.
Маалымдай кетсек, Элмурза Сатыбалдиев 2009-жылы алгачкы жолу волейбол федерациясынын президенти болуп шайланып, 2013-жылы кайрадан президент болуп шайланган. Кийинки отчёттук-шайлоо жыйыны 2021-жылы өткөрүлөт.
Полковник Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 1966-жылы 13-мартта туулган. 2001-2006-жылдар аралыгында Кемин районунун, Жайыл районунун, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп, УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Элмурза Сатыбалдиев 2007-жылдын 29-мартынан тартып 2009-жылдын 23-ноябрына чейин баш прокурор болуп иштеген. 2009-жылдын 23-ноябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми 2014-жылдын 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен Элмурза Сатыбалдиев 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бишкек шаардык соту 2 жылдан кийин ишти кайрадан карап чыгып, 2016-жылы актаган.
Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.