Бүгүн, 6-сентябрда Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыздар арасында мелдештер орун алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Нураида Анаркулова күрөшкө чыгат.
Аталган мелдештин алгачкы күнү 5 салмак ченинде беттештер орун алат. Анда 56 килограммга чейинки салмак ченинде Нураида Анаркулова америкалык Марие Фигуэра менен күч сынашат.
Жана ошондой эле бүгүн, 6-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер орун алат. Анда 46 килограммга чейинки салмак ченинде Бактияр Анаркулов биринчи көңүл жубатуучу беттеште түркиялык Мукремин Актас менен кездешет.
Акылбек Талантбеков 76 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы финляндиялык Отто Кетонен жана орусиялык Байсар Евлоевдин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү болот.