Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралууда.
Анын жактоочусу Чынара Жакупбекова эртең менен сотко келе албаганын баласынын ооруганы менен түшүндүрүп, муну ырастаган документтерди да көрсөткөнүн айтты. Бирок сот буга карабастан Салянованын таламын мамлекеттик жактоочу коргой турганын айтып, тиешелүү чечимди эртең менен чыгарганын эскертти. Жактоочу Жакупбекова бул чечим туура эмес экенин айтып, сот менен прокурорлорго ишенбөөчүлүк жарыялады. Аны Салянова жана жарандык жактоочулар колдошту. Ал эми прокурорлор ага каршы экенин айтышты.
Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.