Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралды. Анда 7 томдук соттук материалдардын 6-тому окулду.
Бүгүнкү жыйында Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова эртең менен сотко келе албаганын баласынын ооруганы менен түшүндүрүп, муну ырастаган документтерди көрсөткөнүн айткан. Ал эми прокурорлор ага каршы чыгышкан. Жакупбекова анын ордуна Салянованын таламын мамлекеттик жактоочу коргосун деген соттун чечими туура эмес экенин айтып, сот менен прокурорлорду алмаштыруу өтүнүчүн келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.