Интернетте түн ортосунда жарандык активисттер бараткан унааны токтотуп, алар тасмага тарта баштаганда жумуш ордун таштап, үйлөрдү аралап качып жөнөгөн Патрулдук милициянын видеосу тарады.
Патрулдук милициядан SUPER.KG`ге билдиргендей, учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнү жатат.
"Ал Патрулдук милициянын кызматкерлери 5-сентябрдан алтысына караган түнү нөөмөттө турушкан. Ошондуктан бүгүн жумуш убактысында алар эс алууда болгондуктан биз чакырган жокпуз. Бирок ал кызматкерлер чакырылат. Кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлөт. Комиссия түзүлүп иштин объективдүү-субъективдүү себептерин, кызматкерлердин этикалык жүрүм-турумдарын, буйруктун аткарылышын карайт. Эгер кызматкерлердин ишинде кемчилик, мыйзам бузуулар табылса, албетте, жаза көрүлөт", - деп билдирди Патрулдук милициядан.