Грециянын Афина шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Акылбек Талантбеков коло медалды багындырды.
Аталган мелдеште коло медаль үчүн беттеште Акылбек Талантбеков финляндиялык Отто Кетоненго туш келген. Анда Кыргыз балбаны 4 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында 6 упай топтоп жеңишке жетти. Ал эми финляндиялык балбан 1 упайга гана ээ боло алган.
Бул жеңиш менен Акылбек Талантбеков аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына алгачкы медалды алып келди.
Буга чейин жарым финалда Талантбеков ирандык балбанга туш келип 2:0 эсеби менен жеңилип калган.