Нарында "Көңүл бургула, балдар!" аталышындагы акция өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарын алдын алуу максатында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү менен иш-чара өткөрүлдү.
"Нарын облусунун аймагында акыркы 8 ай аралыгында 22 жаш өспүрүмдүн катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 25 өспүрүм ар кандай жаракат алса, 5 бала каза болгон. Жол транспорттук кырсыкка балдардын кабылуусуна алардын жөнөкөй жолдон өтүү эрежелерин билбестиги жана чоңдордун кайдыгер мамилеси түрткү болууда. Мындан улам түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында аталган иш-чара өткөрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.