Самара Каримова: "Наам кызматтык орун эмес, андан баш тартпайм"

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримованын маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

10:00 Самара Каримованын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

10:10 Самара Каримова жакында эле баш тарткан "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчилиги кызматы тууралуу айтып берүүдө. "Мен иштесем иштеп кетмекмин, менден жакшы жетекчи чыкмак. Бирок жетекчи болом деген да өзүм, баш тарткан да өзүм. Андыктан капачылык жок", - деди ал.

10:12 Суроо: "Эмгек сиңирген артист" сыйлыгын бийликтеги таасирдүү тааныштар менен алды дешет?

"Таанышым жок, талантымдын артынан жана элдин колдоосу менен сыйлыкка татыдым. Сахнага чыккандан бери борбордо 6 жолу ийгиликтүү концерт бердим. Жаш кезде колдоого алышса чоң дем-күч берет. Наамга Маданият министрлиги, облустук өкүлчүлүк көрсөтөт. Мени Кыргыз театрлар ишмерлер союзу көрсөттү. Бир жыл мурун Жаныш Кулмамбетов агайыбыз наамдарымды, документтеримди чогултуп наамга көрсөттү эле бир жылдан кийин наам алдым. Негизи наамды атам алышы керек эле. 63 жашында "Маданияттын мыктысы" деген төш белги алган. Жаштар атамды жакшы тааныбайт. Бирок өз учурунда таанымал артист болгон", - дейт ырчы.

10:16 Суроо: Эмнеге ырчылар сыйлык алганын башка жакта жүрүп уктук дей беришет, калп айтпай эле коюшпайбы?

"Чынында мен конокто отурганда уктум. Чалып айтышканда ишенбей, калтырап толкундандым. Конокто отурганда уксам ошентип айтам да, "үйдө отуруп алып уктум" демек белем? Бул сыйлыкты мага ыраа көрбөгөндөр болууда. Мени колдогондор бар. Инстаграмда 300 миңден ашуун окурмандарым, туугандарым жакшы пикирлерди айтышты. Сыйлык мен үчүн кыргыз элинен аванс деп билем. Эми буга татыктуу болууга аракет кылам", - деди Самара Каримова.

10:22 Самара Каримова менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Бололу бирге" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

10:30 Күйөрманынын суроосу боюнча жандуу үн жана аккордеондун коштоосу менен "Бир келип кетчи Ош жакка" ырын аткарууда.

10:36 "Менин ийгилигим - балдарым. Жаш ырчы үчүн чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын экен. Бир жолу чет жакка 4 күнгө кеткем. Ошондо сыналгыдан мени көрсөтүп жатса улуу балам "ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби" деп кыйкырган экен. Алар үчүн баарына даярмын", - дейт ырчы.

10:43 Суроо: Жолдошуңуздун биринчи жубайынан балдары барбы, алар менен катташып турабы?

"Ооба, башка никесинен 5 баласы бар. Алар менен катташып турат. Катташуусуна эч качан каршылык көрсөтпөйм, ата-эне үчүн бардык бала бирдей. Жолдошумдун биринчи жубайы менен мамилем жок, тааныбайм дагы. Кайненемдин айтуусу боюнча анын өзүнүн үй-бүлөсү бар", - дейт Каримова.

10:48 Суроо: Узун чачка кам көрүү оңой болбосо керек...

"Оңой эмес, албетте. Көптөр кошуп алган деп ойлошот экен. Өзүмдүн чачым, түсү да өзүмдүкү. Боёгон эмесмин. Жолдошум узун чачтууларды жактыргандыктан, кыркканга уруксат бербей жүрүп өстүрүп калгам", - деди ырчы.

10:52 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

10:54: Суроо: Наам туура эмес берилди деп айтышууда, сыйлыкты алуу үчүн көп жыл эмгек кылуу керек экен?

"Сөзсүз түрдө жылга же жашка маани бербестен, иштеген ишине карап баалашса - бул жаштарга чоң стимул болот. Буйрук экен, жаш кезде алдым. Колумдан келсе бардык кесиптештериме ыйгарат элем".

10:57 Суроо: Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз. Ставкаңыз мынча кымбат?

"Жолдун алыстыгына жараша ставка коюлат. Мен кетирген эмгегиме ушул бааны ыраа көрөм", - дейт ырчы.

10:59 Окурмандын "Наамдан баш тартсаң жаңы Жаңыл Мырза аталмаксың" деген билдирүүсүнө мындай деп жооп берди.

"Наамдан баш тарткандай - бул кызматтык кресло эмес. Болгону стимул берүүчү кичинекей кагаз. Наамдан баш тартпайм", - деди ал.

11:02 Жолдошу тууралуу: "Аябай кыйынчылыкты көрүп, семичке сатып жүрүп бутуна турган. Азыр Кудайга шүгүр, бардык бир туугандарга, балдарына каралашып турат. Чыгармачылыгымды колдойт. Кызганбаган эркек жок, кызганат. Мен деле кызганам. Бирок чектен ашпайбыз", - деди ал.

11:05 Суроо: Өзүңүздүн обондоруңуз барбы?

"Бар, бирок элге алып чыгуудан тартынам. Соңку убактарда ушул темада көп сөз болуп жатат. Андыктан устаттарыма көрсөтүп, эгер жараса ырдап чыгам", - дейт Самара Каримова.

11:10 Суроо: Эмнеге жолдошуңуз дайыма жаныңызда жүрөт, сизге ишенбейби?

"Жолдошумдун жумуштары абдан көп, андыктан дайыма менин жанымда жүрөт дегенге кошулбайм. Көбүнчө кайнилерим коштоп жүрүшөт. Мага ишенет, мен ишенимдүү аялмын", - деди ырчы.

11:12 "Атам менен кайнатам абдан жакшы дос болуп жүрүшкөн. Андыктан Асанга (ред. жолдошу) турмушка чыгарымды айтканда каршылык көрсөткөн эмес. Ата-энем күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт", - дейт Каримова.

11:15 Күйөрманынын суранычы боюнча жандуу үн менен "Баары сендей" ырын аткарган соң "Жаз" аталышындагы ырын аткарууда.

11:20 Суроо: Ийгиликке акчанын күчү менен жеттиңби же күйөөңдүн жардамы мененби?

"Элимдин жана жолдошумдун колдоосу менен ийгилик жаралууда. Ошондой эле өзүмдүн эмгектеримди да айтып кетпесем болбос", - дейт ырчы.

11:28 Окурмандын "Апаңа караганда атаңа жакын окшойсуң" деген суроосуна, "кыз бала атага жакын болот окшойт. Кичинемден атама жакынмын, азыр өзүмдүн кызым да атасына, балдарым мага жакын" деп жооп берди.

11:32 Самара Каримованын аткаруусундагы "Түшүмө кирдиң түндө сен" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

11:36 Ырчы жогоруда аталган клипке Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов тартылганын айтып өттү.

11:42 Күйөрманынын суранычы боюнча "Асыл кечим" чыгармасын жандуу үн менен аткарууда.

11:48 "Ырчы болбосом диктор болмокмун. Бул боюнча телеканалдардан бир топ сунуштар түшкөн, бирок убактымдын тардыгына байланыштуу баш тарткам", - дейт ырчы.

11:50 Окурмандын "Кайненеңиз тууралуу айтып бериңиз. Жолдошуңуз "апам саунаны жетектейт" деген эле" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

"Кайненем - Ажыга барып келген аябай ыймандуу инсан. Жолдошумдун антип айтканы тууралуу маалыматым жок экен", - деди ал.

11:54 Суроо: Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?

"Кудай сактасын, бычак алдына жатпай эле коёюн. Өзүмдүн табияттан берилген келбетим менен эле жүрөм", - дейт ырчы.

11:56 Ырчы өзүн калың элге тааныткан "Сагынганда атамды" чыгармасын жандуу үн менен ырдоодо.

12:02 Окурмандын "Самаранын наамына каршы кол чогултабыз дегендер болууда" деген суроосуна "аны убакыт көрсөтөт, эгер мени колдогондор аларга каршы кол чогултушса, анда...", - деп кыскача жооп узатты.

12:05 Самара Каримованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.

Самара Каримова: "Наамдан баш тарткандай-бул кызматтык кресло эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (90)
tomara
2017-09-07 12:47:34
Эми жакпаса жакпайт дейбиз да сизге жакса уга берин ,,ай чырайлуу"" кызды
+14
gulnur1973
2017-09-07 13:50:59
Ит уро берет кербен журо берет.Самара алга!талантын ташкындай берсин синдим.
-14
Patriot7
2017-09-07 13:52:07
Озу жакшы кыз, бирок бул да заманга жараша озгоро баштаптыр... Музей жетектегидей эмне жумуш жасап койду эле, же ырчы болсо эле музей директорлугу алаканымда деп ойлойт бекен?!! Бул кеби акылдуу аялдын кебине окшобоптур. Бул музей чуу-чуусунан кийин куйоосу Асан менен министр Т.Казаков отставкага кетишсе дурус болмок ар-намыстары болсо.....
+17
Patriot7
2017-09-07 13:55:42
Ал эми наамга жабышканы да анын ХХХХ экенинен кабар берет. Эмдиги жылы эч ким тааныбаган Самаранын атасы "эмгек синирген артист" наамын алса тан калбай эле койгула...

Бул да Анжеликага окшоп паланча подписчигим бар дей баштаптыр го, ошончо подписчикти сатып алгансып...

Ошол подписчиктеринин баары Самаранын наам алганын кубаттаса кун тескерисинен чыгаар. Кудайды карап суйлоп журсо боло....
+16
Altysha89
2017-09-07 14:13:30
Көрө албастык ич куйдулук деген нерсе менден айланып өтөт, айтайын дегеним көрө албай жатасынар деп жазылган комментарийлерди окуп жатам, мен чындыкты эле айтып жатам көрө албагандай мен ырчы эмесмин . Эмгек сиңирген деген сөздун өзу барктуу баалу эгер эмгеги чын эле синген болсо.а Самара сен айтып жатасын жөн эле бир стимул бечу кагаз деп,бул сөзундун өзу туура эмес стимулду башка нерседен алсан да болот. Сен ойлогон кичинекей кагазга эмгектери синип эл алдында ырдап жургөн инсандар ала элек.
+17
Tiguuchu
2017-09-07 15:31:25
Сайкал Садыбакасова,Кенже Дейшеева Айжамал Кабылова да берсе болмок андай экен.Алар самарага Караганда коп жылдан бери ырдап журушот,Сайкал озу ыр жазат,обон жазат,жетекчилик кызматта да иштеп журушту.
+17
AKCAHAT
2017-09-07 19:47:42
Tiguuchu,Садыбакосова давно алган. Азыркынын ырчылары куйгузду тырмактайынан эле наам алышып. Уят сыйыт жоголду го, алышып алып уялышпайт дагы.
+3
nurbanu.nur
2017-09-07 16:07:25
Беш баланы атасыз калтырган атасындай кишеге турмушка чыгып наам алыпсын бул адилетсиз замандын адилетсиз мыйзамы
+16
admin_superstan
2017-09-07 16:41:08
mika_mina, этика нормаларын сактаңыз.
0
yasmina_kg
2017-09-07 17:53:49
Элдин жазган пикирлерин наамга татыктуу болбосо да Самаранын мурду быш эткен жок.Мындан кийин 500 доллар десен дагы тойго аз чакырып калат го абдан баркын кетип калды.
+5
Biinura
2017-09-07 18:22:27
Nazaroff1974 деген колдонуучунун билдируусу жок го.
+2
Nurkyz1977
2017-09-07 20:14:27
Кайрат Примбердиевке да берсе болмок,Самарага караганда ал россиянын сахнасын торлоп эмгек кылды го. Арман атин калыстыгы жок дуйно. Самарага соз жок бети булк этпейтко чиркин.Текебаев чон трибунада туруп айткан Асанды намысы жок эркектер кобойду иштетип жаткан саунасын апамкы деп карыган энесине жаба салды деп,эми олумуш болуп антип айтканын уккан эмесмин дегенин кара оо шумдук дуйнону таарыткан ушундай тулкулор.
+14
PeRa
2017-09-07 20:20:14
Кыргызстанда билим алуу оюнчуктай эле болуп калды, Самара Каримова сиз кантип жетишип, билим алып жатасыз, иштеп,3 баланы тороп, карап. Демек окууга, билим алууга убактыныз деле жок. Биз чет олкодо окугандар убактыбыздын кобунчосун окууга жумшап аран экзамендерден отобуз. Ошол акча, тааныш менен алган дипломунуздун кимге кереги бар, сиз озунузду озунуз эле алдагандай болуп жатпайбы.
+8
Alicia
2017-09-12 15:03:48
PERA Samara Karimova 3 balasy mn bilim alsa eto ne oznachaet togo chto ona ne uchitsia ili obrazovanie v Kyrgyzstane slaboe. Mojet u nee est pomoshniki kotorye za detmi smotriat. Bilip bilbei ele umnichit ete beresingerbi ?
0
Truelensk
2017-09-07 23:44:27
Жолдошунун семичке сатып бутуна турганын неге калтырып койдунар.
-4
admin_superstan
2017-09-08 11:45:50
almanbetperm, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-09-08 11:46:31
AKCAHAT, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан