Ырчы Настя Каменских күйөрмандарын жаңы имиджи менен таң калтырды

Орусия менен Украинанын белгилүү ырчысы Настя Каменских "X-фактор" берүүсүнүн жаңы сезонунун калыстар тобунун мүчөсү болуп күйөрмандарын кубандырган эле. Ага удаа эле ал өзүнүн жаңы образы менен күйөрмандарын сүйүндүрүүдө.

Ырчы Инстаграмдагы жеке баракчасына жаңы түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттө ырчы күйөрмандары көнүп калган тармал чачтарын түздөп, көкүл коюп алган. Настя бул сүрөттү жүктөөр замат көптөгөн пикирлер жазылган, алардын дээрлик баарында ырчыга жаңы образ мыкты жарашарын, Настя мурун эле сулуу болсо эми андан дагы сулуу болуп калгандыгын жазышкан. Кээ бир күйөрмандар жаңы имидж ырчыны өзүнүн курагынан алда канча жаш көрсөтө тургандыгын белгилешкен.

Буга чейин ырчы өзүнүн күйөрмандарын гана эмес сахналашы Потаптын дагы эсинде "X-фактор" долбооруна кийип келген кийими жана чач жасалгасы менен калган. Алексей Потапенко Настянын сүрөтүн өзүнүн Инстаграм баракчасына жүктөп "Каменскийдин мындай образынын жанынан жөн өтүп кете албайм" деп жазып койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
don_quixote
2017-09-07 13:16:23
украинка го, кайдагы орусиялык
+2
zarem.a
2017-09-07 13:37:26
Ушу окуп атканда көңүл буруп окуса эмне?каерде орусиялык деп турат?орусия менен украина ырчысы деп жазылган го
+6
mentol
2017-09-07 13:39:05
Эски образы кана?
-2
engel
2017-09-07 13:40:30
mentol, 1чи сурот да! Эмне болгон баарынарга?
+4
mir777
2017-09-07 13:51:34
"Кайсы узбек бул Кыргыз!"
+6
nur_zhoni
2017-09-07 13:53:50
mir777, ха ха ха
+1
mentol
2017-09-07 14:03:33
Ким тан калыптыр, мен тан калганым жок мисал учун
+1
Kumarchik
2017-09-07 14:58:44
мен сени люблю настя
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан