Эртең, 8-сентябрь күнү Борбор калаада эрежесиз уруш боюнча WEF (World Ertaymash Federation) Global-9 аттуу мелдеш өтөт. Анда жеңилүү ызасын тартып көрбөгөн, Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты мушкерлердин бири Ариет Бекишов (6-0) казакстандык Рустам Сайдуллаев (6-1) менен чемпиондук кур үчүн беттешет. Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев SUPER.KG порталына WEF, мушкерлер жана кыялдар тууралуу айтып берди.
WEF ТУУРАЛУУ
- WEF бул аббревиатура, англисче "World Ertaymash Federation" деп чечмеленет. Атын англисче койгонго спортчуларыбызды Дүйнөдөгү бардык мушкерлердин рейтингин түзгөн Sherdog аттуу порталга киргизиш үчүн туура келди. WEF кыргызча атаганда бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы деп аталат. Жыл сайын 20га жакын мелдеш өткөрүүнү көздөйбүз. Азыркы убакта биз 2,5 жылдан бери 38-мелдешти өткөрдүк жана WEF Global-9 39-болот. Бул өтө чоң жетишкендик деп ойлойм.
WEF Орто Азия аймагында өткөрүлгөн мелдештердин арасынан саны боюнча биринчи орунга көтөрүлдү. Ал эми Азия өлкөлөрүнүн арасында 5-орунда турат. Биз муну менен токтобой алдыга карай өнүгүүнү улантабыз. Учурда мелдештерди Азия өлкөлөрүндө жана Орусияда өткөрүп жатсак, кийинки баскыч биз үчүн - Европа. Биз Европада эрежесиз уруштарды уюштуруп жүргөндөрдүн бири менен оозеки келишим түзгөнбүз. Эми жакында Европаны багынтып баштайбыз деген ишенич бар.
WEF'тин мелдештери 4 баскыч менен өткөрүлөт. Анда профессионалдар гана эмес, эрежесиз урушка чыгып көрбөгөн мушкерлердин да катышканга мүмкүнчүлүгү бар. Биринчиси бул спорттун сүйүүчүлөрү арасында “Amateur” аттуу беттеш, бардык эле каалаган мушкер катыша алат. Экинчиси “Selection” анда биз спортчуларды деңгээлине жараша тандап алабыз. Үчүнчүсү “Proffight” бул жакта деңгээли орто мушкерлер күч сынашат. Ошондой эле эң акыркысы “Global”. Анда эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн күч сынашат.
WEF алкагында өтүп жаткан мелдештер жөндөн жөн эле өтпөйт, биз спортчуларыбыздын деңгээлин көтөрүп, профессионалдык баскычка көтөрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Биз өткөрүп жаткан мелдештерди жана биздин спортчуларыбызды чет өлкөлүк адистер жогору деңгээлде баалайт.
МУШКЕРЛЕР ТУУРАЛУУ
- Спортчу канчалык көп беттеш өткөрсө, ошончолук анын деңгээли өсөт. Учурда дүйнөлүк Sherdog порталынын рейтингинде алдынкы Кыргыз мушкердин рейтинги 9-0 болсо, ортончу мушкердин рейтинги 6-5 болуп турат. WEF жок кезде дүйнөлүк рейтингде саналуу эле Кыргыз мушкерлер бар болчу. Азыр алардын саны бир топ өстү.
WEF алкагында мушташкан мушкерлер ар кайсы спорттук клубдардын атынан чыгышат. Биздин өзүбүздүн спорттук клуб жок, анткени аны ачсак биз Кыргыз аймагынан бардык мыкты мушкерлерди өзүбүзгө чакырып, машыктырып анан мелдештерге чыгармакпыз. Мындай болгондо коомчулукта "Руслан Кыдырмышев өзүнүн гана балдарын чыгара берет" деген сөз айтышмак. Ошондуктан биз мелдештерди уюштуруу менен гана алекпиз.
КАРАЖАТ ЖӨНҮНДӨ
- Мелдешке жумшаган акчалардын көбү өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн каржыланат. Жалпы короткон каражаттын 20-30 пайызы билет саткандан түшөт. Ал ижарага алынган спорт сарайдын акчасын жаап берсе жакшы деп эсептейбиз. Жана айта кетчү нерсе, бизде демөөрчүлөр көп эмес. Улуттук спортко салым кошом деген демөөрчүлөр аз болгону бизди кейитет. Ошондой эле өлкөбүздүн аймагында мелдешти өткөрүш биз үчүн бир топ кыйынчылык жаратат. Жарандар үчүн билеттерди сатып алгандан көрө, эшиктерди сындырып кирген оңой экен. Андай учурларда спорт сарайы элге толуп, басканга орун жок калат.
WEF 10 ЖЫЛДАН КИЙИН
- Алдынкы 10 жылда WEF'ти Азияда биринчи орунга көтөргөнгө аракет жасайбыз. Европага жол таап, мелдештерди өткөрүп, Кыргыз спортчуларыбыз баатыр экенин көрсөтөбүз деп ойлойм. Ошондой эле спортчуларыбыз дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп, UFC, Bellator жана башка белгилүү уюмдарга катышып Кыргыз желегин көтөрөт дегенге толук ишенем.