Испаниялык ырчы Хулио Иглесиасты 41 жаштагы Хавьер Сантос аттуу жаран "Атам экендигин расмий түрдө моюнуна алсын" деген доо менен сотко берди. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Хавьер Сантос ДНК-тесттен өткөндө анын Иглесиас менен туугандык катышы бар экени далилденген. Анын айтымында, апасы португалиялык балерина 1970-жылдары ырчы менен сүйүү мамилесинде болгон.
Сантостун апасы 1990-жылдан тарта уулунун атасы Хулио Иглесиас экенин айтып, бирок далилдей албай келген.
Эми ДНК-тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин 4-сентябрь күнү Сантос арыз менен Валенсия шаардык сотуна кайрылган. Бирок жыйынтык чыкпаган соң Испаниянын Жогорку Сотуна жана адам укуктарын коргоо боюнча европалык сотко кайрылууну туура көргөн. Ал эми ырчы бул боюнча билдирүү тарата элек.
Белгилей кетсек, 73 жаштагы Хулио Иглесиастын 8 баласы бар. Биринчи жубайы менен 3 балалуу болушкан, анын бири белгилүү ырчы Энрике Иглесиас. Ал менен ажырашкандан кийин Миранда Рийнсбургер аттуу айымга баш кошуп, 5 балалуу болушкан. Хулио Иглесиастын бир жылдык кирешеси болжол менен 850 миллион доллар экендиги айтылып жүрөт.