Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк эпостор фестивалы аяктап, "Мыкты кыргыз боз үйү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте айтылуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн Дүйнө элдеринин төртүнчү эл аралык эпос фестивалы 5-сентябрда аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 5-сентябрда "Маданий ар түрдүүлүк парады" деп аталган театралдаштырылган көрсөтүү өтүп, ага эл аралык сынактардын лауреаттары, эпос айтуучулар жана салттык аспаптарда фольклордук музыкаларды аткаруучулар катышкан. Көрүүчүлөрдү түрдүү маданияттар менен тааныштырган кечеде якут элинин "Олонхо" эпосун айтуучу Алексей Николаев, калмактардын "Жангар" эпосун айтуучу Горяев Баатр Сангаджиевич-Лиджи, "Көрүглы" эпосун айтуучу Телеубаев Бисенбек жана "Алпомыш" эпосун айткан өзбекстандык Абдиназар Пойянов таланттарын тартуулашкан. Ошондой эле Улуттук филармониянын, кыргыз драма театрларынын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун артисттери кыргыз пьесаларындагы эпизоддорду аткарышкан.
Министрликтин басма сөз кызматынын катчысы Марлен Соляной SUPER.KG порталына: "Фестивалдын соңунда уюштуруу комитетинин мүчөлөрү "Мыкты кыргыз боз үйү" номинациясында биринчи орунду алган Нарын облусунун тургуну Бурулкан Төлөгөновага 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырышты. Бул номинацияда экинчи орунду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Дамира Абдыбекова (70 миң сом), үчүнчү орунду Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан Сүйүн Чолпонкулова (50 миң сом) багындырды. Ал эми 35 миң сом өлчөмүндөгү атайын сыйлык Талас облусунун Талас районунун тургуну Сагынбай Рысалиевге жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун тургуну Жаӊыл Матановага берилди", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, 4-5-сентябрь күндөрү өткөн фестивалга Монголия, АКШ, Түркия баштаган 17 мамлекеттен келген этникалык жанрларды айтуучулар, дастанчылар, күүчүлөр, рун жана баллада аткаруучулары жана илимпоздор катышкан. Фестивалдын биринчи күнү Кыргыз улуттук филармониясында 22 боз үй тигилип, дүйнөгө белгилүү музыкант Лео Рохастын катышуусунда концерт өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hadyja
2017-09-07 18:30:58
Боз уй жок го,коройун десем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан