Ырчы Вера Брежнева продюсерлик кызматка каршы түзүлгөн телеберүүнү алып барат

2000-жылы Украинада түзүлгөн "Виа-Гра" тобу бир нече ырчылардын белгилүү болушуна өбөлгө түзгөн. 2003-2007-жылдары аталган топто ырдап, белгилүүлүгү арткан ырчы Вера Брежнева таанышы жок, таланты бар музыканттарды элге таанытууну максат кылган шоу берүүгө алып баруучу болот. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, ал СТС телеканалындагы жаңы, масштабдуу "Ийгилик" ("Успех") деген аталыштагы долбоорду алып барат. Берүүнүн негизги максаты - мыкты үндүн ээлерин чогултуп, продюсердин жардамысыз талантын калкка көрсөтүү.

"Дүйнөдө продюсердин жардамы жок эле атактуу болгон көптөгөн белгилүүлөр бар. Мисалы, Тейлор Свифт, Эд Ширан, Макс Корж жана башкалар. Мындан улам шоу-бизнестин мыйзамын бузуп, элге таанышы эмес, таланты менен таанылган жаштарды чыгарабыз", - деген Брежнева бул тууралуу.

Берүү жума сайын эфирге чыгат. Шоу долбоордун эрежеси боюнча, тандалган жаш таланттарды даярдоого 3 устат жана 4 музыкант жардамдашат. Ар бир чыгарылышта музыканттар алмашып турат.

Белгилей кетсек, Вера Брежнева ырчылыктан сырткары бир канча тасмаларга тартылып, телерадиолордо иштеп, актриса жана алып баруучулук кесипти бирдей аркалап келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2017-09-08 10:20:02
Продюсери жок ийгиликке жетууну корсоткон передача болсо, алып ьаруучулукка да ошондой ОЗУ ийгиликке жеткен адамды коюшса болмок экен. Вера Брежнева ВИА Гра да ырдап, продюсердин кучу менен элге танылып, анан уй-булосун бузуп, просерине тийип алганын элдин баары билет го... К чему она может учить этих ребят????!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан