Кечээ, 6-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан XVII эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында кумда ойнолуучу күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 60 спортчу катышкан. Мелдеш 3 категория менен: эркектер, кыз-келиндер жана ардагерлер арасында өткөн.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:
Эркектер арасында:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Сейтек Доктурбек уулу (Бишкек);
2-орун - Дастан Мирбек уулу (Бишкек);
3-орун - Эсенаман Мелисов (Бишкек).
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Азиз Рыскелди уулу (Бишкек);
2-орун - Нурмолдо Анарбеков (Бишкек);
3-орун - Мелис Кочорбаев (Ысык-Көл).
80 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Каныбек Аман уулу (Бишкек);
2-орун - Омурбек Сапанов (Бишкек);
3-орун - Абдыкерим Абдыжмаит уулу (Бишкек).
90 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Чыңгыз Керимкулов (Бишкек);
2-орун - Жантай Сартбек уулу (Бишкек);
3-орун - Сунтей Амманжоли (Кытай).
90 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун - Саламат Кылычбеков (Балыкчы);
2-орун - Хайсар (Кытай);
3-орун - Ванженфел (Кытай).
Ардагерлер арасында:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Жоомарт Батырканов (Бишкек);
2-орун - Мирлан Ишенбеков (Ысык-Көл).
70 килограммга чейинки салмак ченинде:1-орун - Бакыт Каданов (Балыкчы);
2-орун - Нурбек Пуратбаев (Балыкчы).
80 килограммга чейинки салмак ченинде:1-орун - Съездбек Айтыбаев (Бишкек);
2-орун - Сапарбек Туркматов (Бишкек).
90 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун - Саадан Ниязов (Бишкек);
2-орун - Эмирлан Качкынбаев (Бишкек).
Кыз-келиндер арасында:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун - Мээрим Нурадилова (Бишкек);
2-орун - Элизат Маратбек кызы (Талас).
Маалымдай кетсек, эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" 4-12-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат.