Бүгүн, 7-сентябрда кыл кыякчы Залина Касымова 31 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, Ош жергесинде гастролдо жүргөнүн айтты.
"Өткөн жылы туулган күнүм Ысык-Көлдөгү концерт учуруна туш келсе, быйыл Ош жериндеги концертте жүрөм. Өздүк майрамымды сахналаш досторум менен бирге тосуудамын. Алар менен кечээтен бери чогуу жүргөндүктөн куттуктоолор түндө эле башталган. Эми кечинде чакан кече уюштуруп, белгилеп коёлу деп пландап жатабыз. Борборго эртең барам, жакындарым, туугандарым менен ал жактан өзүнчө чогулабыз го", - деди кыл кыякчы.
Белгилей кетсек, Залина Касымова 1986-жылы 7-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүткөн соң Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик аспаптар бөлүмүн аяктаган.
7-сентябрдын жылнаамасы.