Быйылкы жайда эң популярдуу болгон дүйнөлүк 10 клип аныкталды

Google компаниясынын аналитиктери 2017-жылдын жай мезгилинде YouTube сайтында популярдуу болгон алдынкы 10 клиптин тизмесин жарыялашты. Алар видеолордун 29-майдан 4-сентябрга чейин канча жолу көрүлгөнүнө карап рейтинг түзүшкөн.

Тизмеде биринчи орунда Луис Фонсинин "Despacito" ырынын клиби турат. Ал азыркыга чейин 3,6 миллиарддан ашык көрүү топтогон. Ал эми кийинки орунду 2,3 миллиарддан ашык жолу көрүлгөн Эд Ширандын "Shape of You" чыгармасынын клиби алган. Үчүнчү орунду "Felices los" ырына тартылган поп-ырчы Малуманын клиби (906 миллион көрүү менен) багындырган.

Калган 7 орун Уилли Уильям жана Жей Бальвиндин "Mi Gente", "Clean Bandit" тобунун "Rockabye", Жейсон Деруло жана Ника Минаждын "Swalla", Шакиранын "Chantaje", Крис Жедайдын "Ahora Dice", Wisin`дин "Escápate Conmigo" жана DJ Khaled, Жастин Бибер, Лил Уэйн, Chance the Rapper аттуу аткаруучулардын "I'm the One" ырынын клибине таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
dastan_nookat
2017-09-07 22:36:52
Жайды эсепке албаганда 2 орунда 3.3 млд корулгон Форсаж 7 тасмасынын саундтрек клипби турат
+2
KUBI
2017-09-07 22:41:32
Биздин ырчылар жокпу.
+1
kychan.98
2017-09-07 22:46:34
KUBI,биздикилер акыркыдан биринчи орунда турат
+12
dastan_nookat
2017-09-07 22:49:49
Биздикилерден да тизме түзсөңөр жакшы болмок!
+5
Isco22
2017-09-07 23:44:16
dastan_nookat,биздикилерге не бар,анлан коро донле койсун
+2
admin_superstan
2017-09-08 10:21:27
dastan_nookat, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
Paprikafm
2017-09-08 01:53:46
Кыргыздар го деп кире калыпмын
+2
urmat94
2017-09-08 01:57:49
Кыргыз клиптеринен биринчи орунда 3.6 мин экинчиде 2.3 мин учунчудо 906 просмотр
+4
Boroborodach
2017-09-08 08:56:27
Не болуптур. Калкыбыздын санына жараша да. Элибиз аз болсо да озубузго тиешелуу маданиятыбыз, шоу бизнесибиз бар.
+3
ekaterinburg
2017-09-08 09:06:54
Анжеликанын"Махабат колу"иливоюн "женет" го дейм.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан