Көпчүлүккө Пинк аты менен таанымал ырчы Алиша Бет Мур бүгүн, 8-сентябрда 38 жашка толду. Ал 1979-жылы АКШнын Пенсильвания штатындагы Дойлстаун шаарында жарык дүйнөгө келген. Ырчыга дүйнөлүк атак-даңкты анын 2002-жылы жарык көргөн "Can't Take Me Home" ыр жыйнагы алып келген.
Пинк чыгармачылык жолун 1995-жылы 16 жашында "Choiсe" тобунда баштаган. Үч жылдан соң топ чачырап, жеке ырчылыкка аттанган. Ал көптөгөн кинотасмаларда дагы роль жараткан. Ошондой эле айрым тасмалардын саундтректеринин автору.
Ырчы ханзаада Уильямдын түлкүлөргө кылган аңчылыгын сынга алып кат жазган. 2006-жылы чет элдик маалымат каражаттарынын бирине интервью берип жатып, ырчы Бейонсе көп учурда кымбат баалуу терилерди жамынып жүргөндүктөн андан жийиркенерин билдирген.
Сыйлыктары: Пинктин ар бир ыры Американын, Канаданын, Австралиянын хит-параддарынын алдынкы саптарынан түшпөйт. Ал үч жолу "Grammy awards" сыйлыгынын жеңүүчүсү аталган. Мындан сырткары "MTV video music awards" сыйлыгын беш жолу жеңип алган.
8-сентябрдын жылнаамасы.