ЖЫЛНААМА, 8-СЕНТЯБРЬ: Жоон билек, оор атлетчи Иззат Артыков бүгүн 24 жашка чыкты

Токтогул жергесинен чыккан оор атлетчи Иззат Артыков бүгүн 24 жашка толду. Ал 1993-жылы 8-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Спорт менен Иззат 3-классынан баштап машыгып баштаган. Алгач аны апасы 2003-жылы Токтогул атындагы оор атлеттер мектебине берген.

Ал жакта Иззат 7-классына чейин машыгып, андан соң Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбияланган.

Иззат Артыков көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү. Анын эң биринчи эл аралык маанидеги чоң ийгилиги болуп 2016-жылы Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлегени эсептелет. Ошол эле жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиадалык оюндарында коло медаль тагынган. Бирок кийин атлетчини допинг колдонгон деген жүйө менен дисквалификация кылышкан.

Иззат азыркы тапта Олимпиадалык оюндардын коло медалынын жеңүүчүсү бойдон калууда. Анткени Олимпиадалык комитет тарабынан териштирүү иштери бүтө элек.

8-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma08
2017-09-08 12:27:15
Ваау мынча...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан