Бүгүн, 8-сентябрда Канаданын Альберта провинциясында таң эрте мекендешибиз, мушкер Валентина Шевченко Аманда Нуньес менен боло турган беттеш алдында өзүнүн ачык машыгуусун өткөрдү. Машыгууга көрүүчүлөр жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишкен.
Эскерте кетсек, чемпиондук үчүн күрөш Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин ортосунда 10-сентябрь күнү (Бишкек убактысы боюнча) Канаданын Эдмонтон шаарында UFC-215 турниринин алкагында өтөт.
Шевченко менен Нуньестин беттеши ушул жылдын 8-июль күнү орун алмак. Бирок беттешке бир нече саат калганда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшүп, натыйжада UFC уюму беттешти кийинкиге жылдырууга аргасыз болгон.
Өзүнүн машыгуусу бүткөн соң кичинекей кезинен бери бий ийримдерине катышкан Валентина көрүүчүлөр үчүн лезгинка бийин бийлеп берди.