Бүгүн, 8-сентябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеш өтүп жатат.
Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке беш өлкөдөн: Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери келип күч сынашууда. Мелдештин алкагында баш-аягы 17 беттеш орун алары күтүлүп, алардын үчөөсү чемпиондук кур үчүн болмокчу.
Ошондой эле алар бул мелдешке аталган өлкөлөрдүн эң мыкты мушкерлери келгендигин, өзгөчө беттештер күтүлүп жатканын, бүгүн жыйынтыкталарын билдиришти.
Эрежесиз уруштун күйөрмандары Спорт Ордосунун 60 пайызын ээлешип, беттештер кызуу уланууда.