ЖЫЛНААМА, 9-СЕНТЯБРЬ: "Ыр аке" атка конгон акын Рамис Рыскулов 83 жашка толду

Тур, уйкудан көзүңдү ач!
Турмуш менен алга бас!
Туш тараптан жүр-жүр деп,
Турмуш сени алдабас... - деп замандаштарын сергектикке, алдыга умтулууга чакырган акын, котормочу, сүрөтчү Рамис Рыскулов бүгүн, 9-сентябрда 83 жашка толду. Ал 1934-жылы Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген.

Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтун бүтүргөн соң эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.

Акын калемдештери тарабынан "Ыр аке" атка конгон. Анын мүнөзү, жүрүм-туруму тарткан сүрөттөрүндө жана ырларында көрүнүп тургандай. Рамис Рыскуловдун жашоосу, сүйлөгөнү, ойлогону да ыр. Ар бир ыры өзгөчө, бири-бирине окшобогон сыяктуу, жүрүм-туруму, дүйнөгө болгон көз карашы да кайталангыс. Ыр аке өзүнүн өзгөчө чыгармалары менен түбөлүктүү сепил куруп койгондой. Ал ак ырларды жазуу менен кыргыз совет поэзиясына жаңылык киргизген. Акындын алгачкы "Жаз" ырлар жыйнагы 1959-жылы басылып чыккан.

1986-жылы анын "Ырлар" жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыкка ээ болгон. Акын кыргыз тилине көптөгөн белгилүү орус акындарынын чыгармаларын которгон. Мындан сырткары акындын өзүнүн сүрөт көргөзмөлөрү өтүп турат. Ыр акенин сүрөттөрүнө сүңгүп кирип аларды түшүнүү үчүн дүйнөнү акындын көз карашы менен карап, ага таандык касиетке ээ болуу зарыл. Ал өзүнүн сүрөттөрүнө космосту, мейкиндикти кандайдыр бир өзгөчө, сырдуу дүйнөнү чагылдырат.

Бүгүнкү күндө акын артынан келе жаткан жаш акындар көчүнө өзүнүн акыл-насаатын айтып, дагы да болсо калемин жорголотуп ырларды жаратып келет.

9-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан